Коом

Бөлмөсүнө кирсем түнү менен ыйлап чыкканга көздөрү шишип калыптыр

Пендеси жаңылмайынча жакшы жакка үндөсөң да туура эмес кабылдап, айткандын оозу жаман болот экенсиң. Качан гана баштан кечирип, кайгынын кайыгына отуруп, көңүлү ооруп, көмүскөгө качып калганда анан барып сырдашууга, ичиндегин төгүп, көөдөнүн бошотууга жакын адам издеп калат экенбиз.

Мындан бир канча ай мурун кайын сиңдим  “жеңе бир жигит менен сүйлөшүп жатам” деп жайдары келген. “Жакшы экен, кыздын барар жери күйө дейт, күйөө баланы көрсөтчү” десем болбой койгон ойноктоп жатып.

Бир күнү түн ортосу эшикке чыксам, телефондон бир жигит менен видео чакыруу менен сүйлөшүп жатыптыр. Байкашымча чоң эле кишидей көрүндү. Балким уйкулуу көзүмө ушундай көрүнсө керек деп үйгө кирип жатып алгам.

Күн өткөн сайын түрдүү белектерди, алтын сөйкө шакектерди тагынып келе баштады. Ичимден жакшы жигитке жолукса керек, эмитен кымбат белек берсе, эмнеси болсо да бактылуу болсо болгону деп кубанып койгом.

Бир ирет чай үстүнөн сөздөн-сөз чыгып, кайын сиңдим жигити үй-булөлүү экенин айтты. Таң калып эле:

– Сен соо элесиңби? Эмне кыласың анын балдары бар болсо, сен жашсың, татынакайсың, үйлөнө элек жигиттер менен жолуксаңчы бай болгур, – дедим.

– Ииий, жеңе үйлөнө элек балдардын эч нерсеси жок. Токтоло элек. Апасынын айтканын угат. Бул болсо менин оюм менен болот. Каалаганымды алып берет. Каалагандай кафе, ресторанда эс алабыз, – деп калды.

– Кой ай кызыке, ал сени аялым көрүп калбасын деп, жашынып кафеге алып барат. Элден жашынып жүргөндүн эмнеси жакшы. Ал сени сүйбөйт, жөн гана өзү эс алып, сени менен ойноп жүрөт. Абайла дагы, кудай сактасын боюңа кылып басып кетпесин, – дедим.

Ал мени жаман көрүп.

– Койчу жеңе, көрө албайсыз. Ким билмек эле, сиз эле айтпасаңыз, – деп  жини келип басып кетти.

Ошол бойдон таарынган киши болуп сүйлөшпөй жүрдү. Бүгүн эртең менен чайга чыкпайт. Бөлмөсүнө кирсем түнү менен ыйлап чыкканга көздөрү шишип калыптыр. Абалын көрүп коркуп кеттим.

– Ай кыз соо элесиңби деги, эмне болду, – дедим корккон түр менен. Оюмдун баары боюна бүтүп калса керек. Жаш кызды алдаган экен деген ой ээлеп алды.

Бир мезгилде телефонун колума кармата салды. Карасам ватсаптан супсулуу келин жазыптыр, “Эсиң барда этегиңи жап. Экөөңдүн сүйлөшүп жүргөнүңдү жакшы билем. Аскаттын эки баласы бар, үчүнчүсү кыз боюмда. Эгер тыйылбасаң сүрөттөрүңдү интернетке чыгарам. Ата-энең, бир туугандарың баары билет. Өзүңө кел. Жашсың, жаш жигиттер куруп калдыбы сага”, – деп жазып, толтура сүрөттөрдү жибериптир. Арасында балдарынын өзүнүн анан күйөөсүнүн кайынсиңдим менен кафеде бир кабинада  отуруп тамактанып жаткан сүрөттөрү бар экен.

Мына сага айттым беле ушундай болмок деп табалагым келбеди, акырын эле:

– Кой кызыке, бирөөнүн бүлөсүн бузуп бактылуу боло албайсың. Балдарын таштаган эркек сени да тыштайт. Балдардын убалы койбойт. Сени ал жөн эле пайдаланып жүрөт. Дагы жакшы боюңа бүтүп калбаганы. Апам билсе териңи тескери сыйрымак. Сүйгөн адам элден сени жашырбайт, жаркыратып эл алдында мактаныч менен алып жүрөт. Сен өзүңдүн баркыңды бил да. Ал сени тепселеп кетишине жол бербе. Элестет сенин күйөөң ошентип башка кыздар менен кетип калса сен кандай болосуң, – деп  бир топ сөздөрдү айттым.

Мойнумдан кучактап:

– Кечир жеңе, сен айтканда жаман көрдүм эле. Аялы көчөдөн сабап, сүрөтүмдү жайылтып жиберсе эмне болмок. Болду сүйлөшпөйм экинчи, – дейт.

Азыркы эркектерге да даба жок, билип туруп жаш кыздардын башын айланткан. Туура жаш немелер кымбат телефон, сөйкө, шакекке алданат. Бирок, бул кадам менен канча адамдын тагдырын талкалап жатасыңар. Үйдө жакаңарды агартып, тукумуңарды улап жаткан аялыңарга кыянат кылып, аз келгенсип он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек кыздырды алдап, келечегине, тагдырына балта чапкан. Ошончолук байлыгыңар ашып-ташып баратса, аялыңарды кийинтип, атыр-упа сээп карагыла, жанагы кыздардан да жаш көрүнүп, сулуу болуп чыга келет. Керек болсо силер аларда ал да бирөөнүн чырактай кызы болгон. Сулуулугуна суктанып алып, эми экөөнү төрөтүп, сезимине суу сээп, муздак, тили уу аялга айланткан да мына эркектер өзүңөр болосуңар. Силер таза болсоңор, кыздар да абийирдүү болот. Байкасаңар жакшылап, төрөп таштагандын, атасыз өскөндүн баарынын башаты ким экени өзү эле айкын болот…

Булак:http://Kadam-media.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *