БОЛГОН ОКУЯ: Жети айлык боюмда бар кезде кайын энем менен арчанын жанынан сүрөткө түшөм деп бийиктиктен кулап түштүм
15-бештин айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева
Мен келин болуп барганыма бир жылдай болуп калган, жети айлык боюмда бар эле. Анан бир күнү кайнатамдын эжесиникине тоого мейманга жөнөп калдык. Жолдо баратып ар жерге токтоп, сүрөткө түшүп кетип атканбыз жыргап, кайненем, кайним, кайнатам, жолдошум бар.
Бир убакта кайненем “бийикке чыгып арчанын жанына сүрөткө түшөлү” деп калды. Мен уялганымдан макул болуп, аркасынан чыгып баратып эле сыйгаланып сол капталым менен жыгылып кеттим. Жыгылып эле башымды көтөрүп карасам, кайнатам мага карап жүгүрүп келе жатыптыр. Уялганымдан ооруну деле сезбедим. Тизем, чыканагым сыйрылган же ыйлай албайм же күлө албай бозоруп эле жатып калдым. Нары жактан жолдошум баары мени тургузуп калды. “Ичиң оорубай элеби ? Болбосо аркага кеттик ооруканага” деп, кайра-кайра сурашат. Жоок, баары жакшы эле, ичим тийген жок жерге деп койом, ошентип анан сүрөтүбүз да бутуп, туз эле барчу жерибизге кеткенбиз.
Кийин бир аз өзүмө келип отурсам, кулагыма жолдошум шыбырап, “кудай зор сактады ичиң менен жыгылганында “аркаңан” чыгып кетет эле бала” деп күлөт. Ошентип, кудайга шугур эсен-аман кыз төрөдүм. Эки айдан кийин, төрөт үйүнөн чыгып келип, кызымды кайненем жуунтуп атса жамбашында кичине көгү бар экен (копчулук жаш балдарда эле болот го). Кайнатам көгүн карайт дагы, “э балам баягы да жыгылганында когоруп калган окшойт” деп кулуп койот. Андан бери 7 жыл өттү, бирок дагы деле кайнатамдын жүгүрүп келе жатканын эстегенде уялып кетем.