Бишкектин тургуну Ысык-Көлгө эс алып барып аялын өлтүрдү
15-баш оона, 2017-ж // //14-август күнү 49 жаштагы Бишкек шаарынын А.У. аттуу тургуну Кыргыз Республикасынын ИИМдин криминалдык милиция кызматына өз ыктыяры менен келип, Ысык-Көл облусунун Тамчы айылынан 36 жаштагы жубайын өлтүрүп алгандыгын билдирген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Анын айтымында, ал жубайы менен 11-августа Тамчы айылына эс алганы барышкан. Эртеси, болжол менен саат 22:30 чамасында мас абалында, ортодон чыккан чатактын айынан жубайын муунтуп салган.
Үйдүн ээсине дагы бир күнгө мөөнөтүн узартып, 13-август күнү Бишкек шаарына барып милицияга болгон окуяны айтып берген.
Бул билдирүү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин криминалдык милиция кызматынын жана Ысык-Көл РИИБнин кызматкерлери көрсөтүлгөн дарекке барган учурда аялдын жансыз денеси табылган.
Аталган факты боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: barometr.kg