Бишкектин Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы кармалды

Бишкектин Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы кармалды

29-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Бишкектин Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин негизинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы кармалды.

Кармалган адам жарандын ага болгон карызы үчүн баасы 35 миң доллардан ашык турган жүк ташуучу унаасын мыйзамсыз колдонуудан чыгарып алып, 30 миң долларын берүүсүн же кыймылсыз мүлкүн жакын туугандарына каттатып берүүсүн талап кылганы аныкталган. Тинтүү иштеринин натыйжасында жарандын жеке үйүнүн кайра каттоодон шектүүнүн жакын тууганына өткөндүгү тууралуу документалдуу далилдер алынган.

Аталган жаран Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.