Бишкекте машина куруу заводунун директорунун бөлмөсү күйдү.

Бишкекте машина куруу заводунун директорунун бөлмөсү күйдү.

22-үчтүн айы, 2018-ж // //

Өткөн сутка ичинде, 21-январдан 22-январга караган күнү Кыргызстанда 10 өрт катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Бишкекте 3 кабаттуу «Бишкек машина куруу заводунун» имаратында 2-кабатында өрт чыккан. Жалын 100 чарчы метрди каптаган. Анын кесепетинен директордун бөлмөсүндөгү шкаф, отургуч, стол, ноутбук, китептер, иш кагаздары, желдеткич күйүп кеткен. Кийин өрт 3-кабатты каптап, терезе күйгөн.
БУЛАК : BAROMETR.KG