Бишкекте эркек терезенин темирине кыпчылып калган

Бишкекте эркек терезенин темирине кыпчылып калган

28-чын куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева
Бишкектеги көп кабаттуу үйдөгү терезенин сыртына тосулган темирге эркек киши кыпчылып калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
27-апрелде куткаруу кызматына Улан-2 кичи районундагы турак үйдүн биринчи кабатында эркек киши терезенин темирине кыпчылып калганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аны дарыгерлердин катышуусунда атайын шаймандардын жардамы менен бошотушкан. Медициналык жардам талап кылынган эмес.
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери окуянын чоо-жайын териштирип жатат.
Булак: barakelde.org