Бектур Асанов: “Кыргыз аскерлерин Казакстанга киргизбөө керек”

Мындай пикирди саясатчы Бектур Асанов өзүнүн Facebookбаракчасына жазып чыкты.

“Урматтуу мекендештер! Кечээ түнү адамзат тарыхында чанда болуучу катачылык орун алды. Бул ОДКБ өлкө башчыларынын Казакстанга тынчтык орнотуу үчүн аскер киргизүүгө макул болушкандыгы болду.

Биз кыргыздар, бир да кыргыз жоокерин коңшу, бир тууган өлкөгө киргизүүгө макул болбошубуз керек! Бул маселе эбегейсиз чоң массштабдагы трагедияга айланып кетиши мүмкүн”-деди ал.

Add your comment

Your email address will not be published.