БАШТЫККА САЛЫНГАН ЭГИЗ ЫМЫРКАЙЛАРДЫН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ

БАШТЫККА САЛЫНГАН ЭГИЗ ЫМЫРКАЙЛАРДЫН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ

11-жалган куран, 2020-ж // //

Өзбекстанда талаадан полиэтилен баштыгына салынган эгиз ымыркайлар табылды. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Жизак облусуна караштуу Дустлик районунда убагына жетпей, тактап айтканда, 20-21 жумалык болуп төрөлгөн эгиз балдардын жансыз денеси табылды. Ымыркайларды жергиликтүү тургун таап алган. Анын айтымында, «Околтин остонаси курки» аттуу фермердик чарба аймагындагы арыктын жээгинен полиэтилен баштыгына салынган наристелерди көрүп калып, милиция кызматкерлерине кабар берген. Кийин белгилүү болгондой, эгиз ымыркайлардын энеси 1998-жылы төрөлгөн, жолдошу жок жергиликтүү тургун экени аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда-деп Арыба.кж жазып чыкты.