Байлыкка кызыгып, өзүмдөн 30 жаш уулу  адамга турмушка чыктым, бирок жигитимди сүйөм

Байлыкка кызыгып, өзүмдөн 30 жаш уулу адамга турмушка чыктым, бирок жигитимди сүйөм

13-аяк оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Бир жыл мурун мен биринчи сүйүүм менен ажыраштым. Андан кийин өзүмдү аябай жаман сезип, аябай оор абалда жүрдүм. Өзүм болсо Жогорку окуу жайлардын биринде окуп жүрөм, өзүм жакшынакай эле кызмын, ата-энем жакшы эле тарбия берген. Анан бир күнү мен курбуларым менен бир конференцияга катышып калдым, ал жакта бир байке мени жактырып калды, колунда бар адам экен. Көп өтпөй ал менин номеримди таап, чала баштады. Экөөбүз жолугуп калдык, ал мага күндө белек кылып баштады. Айфон 11 үлгүсүндөгү телефон, квартира, машина, гүл кыскасы мен  өзүмдү бактылуу сездим. Эки жумадан кийин ал мени ресторанга чакырып колумду сурады. Аны сүйбөсөм да мен макул болуп, турмушка чыктым. Өзүмдү канчалык бактылуу сезүүгө аракет кылбайын алты айдан кийин капаска кабылган бактысыз аял экенимди сездим.  Мурда сүйлөшуп жүргөн жигитиме болгон кусам күчөдү. Күйөөмдүн тамактангандан тартып саландаган курсагынан бери мага жийиркеничтүү сезиле баштады. Ал канчалык көзүмдү карабасын андан алыстоого аракет кылам. Айласын таап күйөөм жумуштагы кезде жигитиме жолугуша баштадым. Экөөбүздүн мамилебиз тереңдеп баратат. Бирок мен күйөөмдөн баш тарткен кезде да ал жигитим мени тандабасын билем. Азыр туура эмес кадам таштап алганыма өкүнүп бармагымды кесе тиштеп отурам.