Бай кызга үйлөнсөмбү же карапайым кызга үйлөнсөмбү? Кеңеш бергилечи

Бай кызга үйлөнсөмбү же карапайым кызга үйлөнсөмбү? Кеңеш бергилечи

28-кулжа, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева
Жашым 26да. Жеке фирмалардын биринде
катардагы менеджер болуп эмгектенем.
Бойдокмун.
Жүрөгүм Алинаны жактырат. Жөнөкөй,
ыймандуу кыз. Бирок, карапайым үй-
бүлөдөн. Айзат болсо, «сизди сүйөм» дейт.
Күн сайын жазып акыбалымды сурайт.
Атасы менин шефим.
Ата-энем өмүр бою мектепте мугалим болуп
эмгектенген. Жарыбаган айлык алышчу.
Ошондуктан үйдө ар дайым бир нерсе
жетишпечү. Май болсо, туз жок, туз болсо,
чай жок. Дүкөнчү Айнагүл эже карыз берсе
курсагыбыз ток, бербесе ач.
Мындай жашоодон да чарчайт экенсиң. Өмүр бою ушинтип

жашаймынбы деген ой келгенде, кадимкидей
денем чымырап кетет.
Өзүм канча аракет кылдым. Бирок,
таанышың болбосо, бир нерсеге жетүү
кыйын экен. Окуумду бүткөндөн кийин эки
жыл иш издедим. Дипломум кызыл болуп
турса да, диплому жок адамды жумушка
алышты. «Эртең жумушка чыга бериңиз»
дегендер, кечинде чалып себепсиз баш
тартышты. Конкурстан биринчиликти алсам,
кийинки этапка эң акыркы болгонун
өткөрүштү.
66 Үйлөнүш керек. Бирок,
дагы эле баягы жетишпеген турмушта

жашагым келбейт.
Алинаны алсам, батирде жашайм, күнү-түнү
иштеш керек олот. Кокус жумушумду
жоготсом көчөдө калабыз. Алинанын тигүү
цехинен тапкан акчасы эч нерсеге жетпейт.
Айзатка үйлөнсөм, атасы орун басары
кылаары анык иш. Айзаттын айтымында
шефим кызы турмушка чыкса батир белек
кылаарын айтыптыр. Компания күндөн-
күнгө өнүгүп жатат. Демек, бутума бат туруп,
өзүмдү гана эмес, ата-энемди да
камсыздоого мүмкүнчүлүк бар.
Эмне кылаарымды билбей башым катып
олтурат. Билем, сүйбөгөн адамың менен
жашоо кыйын. Бирок, кээде жашаганга
мажбур болот экенбиз. Айтыңызчы,
кимисине үйлөнсөм?