Бабановдун ат сарайында 1,5 млн сомдук жылкы күйүп өлдү

Бабановдун ат сарайында 1,5 млн сомдук жылкы күйүп өлдү

07-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Сокулук районундагы Жал айылында Өмүрбек Бабановдун ат сарайы өрттөнгөнү белгилүү болду. Маалыматты саясатчы Турмуш басылмасына  билдирди
Турмуш басылмасынын кабарчысына күбөлөр билдиргендей, өрттүн кесепетинен 1,5 миллион сомдук асыл тукум жылкы өлдү. Башка жылкылар эшикте болгон, ошондуктан алар зыян тарткан эмес.
«Ат сарайда жалпы 12 асыл тукум жылкы болгон», — дешти күбөлөр
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 4-февралда саат 13:45 чамасында «Траст KG» жабык акционердик коомуна таандык сарайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрт саат 18:40та толугу менен өчүрүлгөн.
ӨКМдин маалыматына караганда, сарайдын 700 чарчы метр чатыры күйгөн.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Траст KG» жабык акционердик коомун Мырзабаев Жаныбек Сагадылдаевич жетектейт. Ал «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын дагы ээлейт.
Ачык булактардагы маалыматка караганда, Мырзабаев – Өмүрбек Бабановдун жээни.