Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

12-чын куран, 2017-ж // //

Атамбаев кечээ, 11-апрелде өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.
Толкунбек Абдыгулов өлкө экономикасынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү жана кредиттер боюнча проценттик ченемдерди азайтуу максатында Улуттук банк жасап жаткан иш чаралар тууралу Мамлекет башчысына айтып берди. «Быйыл жыл башынан бери өнөр жайындагы, айыл чарбасындагы, соодадагы, курулуштагы, туристтик чөйрөдөгү, транспорт жана байланыш тармагындагы, андан тышкары кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы долбоорлорду каржылоо үчүн Улуттук банк сунуш кылган каражаттардын жалпы көлөмү 3 млрд сомду түздү. Акыркы заемщиктер үчүн бул кредиттер боюнча максималдуу проценттик ченем 12% өлчөмүндө белгиленди», – деп билдирди Толкунбек Абдыгулов. Президент Алмазбек Атамбаев өлкө экономикасынын узак мөөнөттү өсүшүн камсыздоо максатында кредиттер боюнча проценттик ченемдерди дагы ылдыйлатуу чараларын көрүү жана экономика тармактарын кол жетерлик ресурстар менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.