Атам бизди таштап кетти. Апама кантип колдоо көрсөтөм?

Атам бизди таштап кетти. Апама кантип колдоо көрсөтөм?

09-чын куран, 2019-ж // //

Мен 19 жаштамын. Үй бүлөдө үчөөбүз, баарыбыз кыздар. Мен кичүүсүмүн. Эжелерим турмушка чыккан. Жакында эле атам менен апам ажырашып кетишти. Атам апамды уул төрөбөйсүң деп кетип калды. Апам аябай кайгырып жатат. Мен шаарда окуйм, студентмин. Апам «кетпей эле койчу, жанымда болчу», — деп суранат. Айыл менен шаардын ортосунда жүрөм. Же апамды кыя албай, же окуумду кыя албай. Универди таштагым келбейт. Апамды да жалгыз калтыра албайм. Эмне кылыш керек? Кыйналып кеттим.
БУЛАК:bilesinbi.kg