Эл үчүн жанын берип… Кыргыздын таасирдүү саясатчы айымдары кимдер?

Көчмөн турмуштан тарта азыркы убакка чейин коомдук жана мамлекеттик иштерге аралашып, саясаттын казанында кайнаган кыздарыбыздан уучубуз куру эместигине тарых далил.

Бүгүн кыздардын эл аралык күнү белгиленип жатат. Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги саясатта ордун тапкан кыргыздын чыгаан кыздарын тизмектеди.

Курманжан датка

Страны мира. Киргизия 1862-жылы Кокон хан сарайындагы кутумдардан улам Алымбек датка өлтүрүлөт. Алай элин жана жалпы кыргызды башкаруу милдетин Курманжан датка өз уулдары менен мойнуна алган. Курманжан Маматбай кызы 1832-жылы 21 жашында Алымбек даткага турмушка чыгат. Ал датканын жубайы гана эмес, кеңешчиси, акылгөйү да болгон. 1862-жылы Кокон хан сарайындагы кутумдардан улам Алымбек датка өлтүрүлөт. Ошондо Алай элин жана жалпы кыргызды башкаруу милдетин Курманжан датка өз уулдары менен мойнуна алган. Аны жогору баалаган Кокон ханы Кудаяр, Бухар эмири Музаффар Эддин расмий жолугушууга келип, датка наамын ыйгарган. «Датка» фарс тилинен которгондо «адилеттүүлүк» дегенди түшүндүрүп, ири диний ишмерге ыйгарылган. Курманжан даткага жыл сайын 10 миң теңге маяна же хан казынасынан 200 батман эгин алып турууга укук берилген. Наам тарыхта биринчи жолу аталган аял кишиге ыйгарылган.

Уркуя Салиева

Политический деятель, активистка общественных преобразований, борец за свободу Уркуя Салиева. Снимок из книги Уркуя Умутай Эралиевой Уркуя Салиева Совет бийлигинин идеологиясына ылайык эзүүчү тапка каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшүп, 24 жашында басмачылар тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Уркуя Салиева Борбордук Азия аялдарынын теңдиги үчүн күрөшкөн чыгаан инсандардын катарында турат. Ал Совет бийлигин чыңдоого катышкан кыргыз кыз-келиндеринин алгачкы карлыгачы. Совет бийлигинин идеологиясына ылайык эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшүп, жанын берген. Тагыраагы 24 жашында басмачылар тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Фатима Кыдырбаева

В истории кыргызского суда Фатима Чапиевна была первой женщиной - председателем Верховного суда. 1941-1947 жылдары Кыргыз ССР Жогорку Сотунун төрайымы болуп иштеген Фатима Кыдырбаева

1914-жылы Чүйдө төрөлгөн. Кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы укук таануучу. Билимди Москвадагы Бүткүл союздук юридикалык институттан алган. 1941-1947 жылдары Кыргыз ССР Жогорку Сотунун төрайымы болуп эмгектенген. Бир катар аймактарда прокурор болуп иштеп жүрүп, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган. «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланган.

Күлүйпа Кондучалова

2013 — скончалась бывший министр культуры советской Киргизии Кулийпа Кондучалова, которая за много лет работы внесла огромный вклад в развитие отечественной культуры Күлүйпа Кондучалова кыргыз мамлекетинин маданияты жана искусствосуна зор эмгек сиңирген ишмерлердин бири

Мамлекеттик жана коомдук ишмер 1920-жылы 15-июнунда Пишпек уездинин Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча орто мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор болуп иштеген. 40-жылдардан тарта саясатка аралаша баштаган. Катчылык кызматтан тарта тышкы иштер менен маданият министрине чейин көтөрүлгөн. Эл аралык Курманжан датка сыйлыгынын ээси. Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», I даражадагы «Манас» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз мамлекетинин маданияты жана искусствосуна зор эмгек сиңирген ишмерлердин бири болуп эсептелет.

Зууракан Кайназарова

Архивные фотографии дважды героя социалистического труда Зууракан Кайназаровой Атактуу кызылчачы Зууракан Кайназарова чарбаны гана өркүндөтпөстөн саясатты да жөндөгөн

Атактуу кызылчачы чарбаны гана өркүндөтпөстөн саясатты да жөндөгөн. 1937-1954 жылдары СССР Жогорку Советинин, бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болгон. Үч ирет Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Батыш Салиева

Батыш Салиева Батыш Салиева эки жолу СССРдин Жогорку Советине депутат болуп шайланган

Эмгек жолун Салиева мектепте пионер уюмунун жетекчиси болуп баштаган, андан кийин Коммунисттик партиянын Өзгөн райондук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.Салиева эки жолу СССРдин Жогорку Советине депутат болуп шайланып, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо комиссиясын жетектеген. 25 жыл Кыргыз ССРинин Жогорку Советинде депутат болгон. Орто Азиянын профсоюздар кыймылынын ардагерлер кеңешинин ардактуу мүчөсү эле.

Эмгек Кызыл Туу ордени менен эки жолу жана СССРдин башка көптөгөн медалдары менен сыйланган. 2015-жылы каза тапкан.

Жамал Ташыбекова

Партийный деятель, экс министр иностранных дел КР Жамал Ташибекова во время интервью Sputnik Кыргызстан Тышкы иштер министри болуп иштеген Жамал Ташыбекова саламаттык сактоону, илимди, маданиятты, спортту өнүктүрүүгө көп күч жумшаган. Ташыбекова 1967-жылдан баштап партиялык-мамлекеттик иштерде эмгектенген. Башкасын айтпаганда да Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болуп иштегени менен эсте калды. Бул жылдары Ташыбекова саламаттык сактоону, илимди, маданиятты, спортту өнүктүрүүгө көп күч жумшаган.

Замандаштарынын эскерүүсүндө ал мекендин патриот кыздарынын бири болгон. Москвада жогорку окуу жайды мыкты аяктагандан кийин ал жердеги ири фабриканын бирин жетектеп калуу жана мыкты шарттар сунушталган. Бирок Кыргызстанга барып иштейм деген жаш адис айтканынан кайтпай туруп алган дешет.Замандаштары анын сулуулугу менен кошо маданияттуулугун белгилешет. Ал эми аны менен иштеп калган кыз-келиндер абдан жарашыктуу жана өзгөчө кийингенин, келбеттүүлүгүн азыркыга чейин айтышат.

Роза Отунбаева

Инаугурация президента Киргизии Алмазбека Атамбаева Роза Отунбаева аял президент катары бир гана кыргызда эмес, Орто Азиянын тарых барактарында сакталып калды.

Экс-депутат, КРдин мурунку тышкы иштер министри Роза Отунбаева 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнөн кийин эки тизгин менен бир чылбырды колго алган. Отунбаева Кыргызстанды 2011-жылдын 1-декабрына чейин башкарып, бийликти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген.Отунбаева аял президент катары бир гана кыргызда эмес, Орто Азиянын тарых барактарында сакталып калды. Эгемендүү Кыргызстанда президенттик бийликти мыйзам жолу менен өткөрүп берген Роза Отунбаеванын кадамы башкаларга үлгү болуп кала берери бышык.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу