Асел Кадырбекова Нурлан Насипке: «Жашоо кино эмес. Сенин толтура кемчиликтериң бар» 

Асел Кадырбекова Нурлан Насипке: «Жашоо кино эмес. Сенин толтура кемчиликтериң бар» 

15-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

 

Ырчы Асел Кадырбекова кечээ, 14-февраль махабат майрамында жолдошу Нурлан Насипке сезимдери менен бирге ыраазычылыгын билдирди.

 

“Биз мусулман элдери бул майрамды майрамдабасак да, бул жөн гана дагы бир жолу “сени жакшы көрөм” жеп айтуу үчүн бир мүмкүнчүлүк. Жашоо – бул кино эмес. Бардык баш кошкон түгөйлөр бактылуу болушсун.

 

Биз коркунучтуу сыноодон өттүк, мен бир гана кырсык тууралуу айтып жаткан жокмун. Сен дайыма жанымдасын, мындан кийин да жанымда болооруна ишенем. Сенин да мендей эле толтура кемчиликтерин бар, бирок, биз бири-бирибизди толуктап турабыз. Мен сени жакшы көрөм. Көркөмдөп жазышты билбесем да, сен дайыма менин ойлорумдасын”,- деп жазды.