Апам өзүнөн бир топ кичүү бала менен сүйлөшүп жүрөт…
10-бугу, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы. Аноним чыгарып койунузчу! Ойго келбеген нерсе болуп жатат, кандай кылышты билбей турам бирөөдөн кеңеш алайын десем уялып жатам. Жашым 25те. Менин мамам менен атам арактын айынан ажырашып кетти 1жыл болду. Өзүбүз коп бир тууганбыз синдим экөөбүз мамам менен жашайбыз, калгандарынын өздөрүнүн үй-бүлөөсү бар өздөрүнчө жашайт. Апам 48 жашта. Бир жумадан бери телефон катып сообщенияларды өчүрүп ушундай болуп жатканынан карасам мен тааныган 1989-жылкы бала менен сүйлөшүп жатыптыр, билмексен болуп байкап жүрө бердим. Анан даярданып, шашып үйдөн чыгып кеткен кийинип курбума жолугам деп. Жакшы эле артынан барайын деп анан кайра жаман ойлобойунчу деп отуруп калгам. Кечинде келди үйгө чарчап анан мен телефонду беринизчи мен бирөөгө чалышым керек десем сообщения өчүрүп анан берип ещё кечкээ жанымда турду карап эмне кылат деп. Анан барып жуунуп келип жатып калды. Уктап жатканда телефон алсам «Жаным эмне кылып жатасын»деген смс келди. Эми эмне кылышым керек?Түшкө кирбеген, ойго келбеген нерсе болуп жатат. Эмне ойлошумду билбей жатам абдан жаман акыбалда турам. Чогу отуралбай жатам мамам менен. Негатив жок жакшы совет берип койуңуздарчы!