Анжелика айым Марат менен кандай мамиле курганын айтты.
14-кулжа, 2018-ж // //
-Ошондо Марат менен мамиле курганың чынбы?
— Иш боюнча инсаний мамиледе экенибиз чын. Бирок, сүйүү мамиледе эмеспиз, болгон да эмес. Бул Назарбековдун мурдагы аялынын эле чыгарган кеби. Себеби, ошол убакта биз жолдошум Урмат экөөбүз ортобузда ажырашуу процесси жүрүп жаткан. Ал айым менен эч бир жакын тааныштыгым жок . Мага ар кандай коркутуу, СМСтер чалуулар менен кайрылган. Анда да ал «мен сенин эл караган бетиңди, жер каратам, баардык күйөрмандарың сени жек көргөндөй кылам. Марат менин айткандарымды аткарышы керек . Мен алардын үй-бүлөсүн чөгөлөтөм» деп жазгандары бар. Кандайдыр бир эгоисттик максаттарга жетиш үчүн, балдарын бетине кармап, ошол балдардын атасын жамандоо чыныгы аялдык сапатка жатпаса керек. Мындай нерсени ич ара чечишсе болмок мени аралаштыбай эле . Күйөрмандарыма «эч көңүл бөлбөгүлө. Ар бир адамдын жеке жашоосу болот, аны эч ким талкуулоого укугу жок. Ой-пикирлериңер менин чыгармачылык ишиме айтылса түшүнөм, көтөрөм. Ал эми жеке жашоом, кыздырымды кеп кылгандарды кудайга койдум» демекчимин.
— Айтмакчы, « Бактылууу айым» доолборун эфирден алынганы туурабы?
— «Бактылуу айым» долбоорун чон команданын эмгеги менен чыгарып келе жатабыз. Үч жыл ичинде жүзгө жакын айымга ар тараптуу жардам көрсөтө алдык. Бул чоң жетишкендик. Долбоор келишимге ылайык жүрө бермекчи. Эч кандай жабылбайт. Бул тууралуу КТРК нын Байкоочу кеңеши, жетекчилиги колдоодо, алдыда пландар көп. Буюрса ишке ашырабыз.
— Экс-жолдошуң Урмат сенин тегеригиңде болгон кептерге не дейт, кантсе да балдарыңдын атасы?
— Эми Урмат экөөбүздүн ортобуздагы нерсе биздин гана ичибизде . Ал жакшы адам, эң негизгиси жакшы ата. Бирок, белгилүү себептер менен ажыраштык, Мамилебиз түзүк. Ал эми мен тууралуу, кыздарыма айтылган кептерге, албетте, көңүл ооруп турат . Мен «бул маселеге көңүл бөлбө» дедим.
БУЛАК: АЗИЯnews