Алымкадыр Бейшеналиев: «Эмдөөгө журналистер тоскоолдук жаратууда»
05-чын куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева«Кыргызстандын баардык аймактарында коронавируска каршы эмдөө башталды. Эмдөөдөн өткөндөрдүн ден соолугунда эч кандай оорчулуктар жаралган жок. Баары өз нугунда, көзөмөлдөп жатабыз. Жалпысынан 560 адам эмдөөдөн өттү», — дейт Алымкадыр Бейшеналиев.
Ошондой эле массалык маалымат каражаттарынан кетип жаткан такталбаган маалыматтар тууралуу да баса белгиледи. “Силер журналистер бизге такталбаган маалыматтарды таратуу менен тоскоол болуп жатасыңар. Биз эки күнгө коронавируска каршы эмдөөнү токтоттук. Азыр бизге Елена Баялинованын жазган постунан кийин миңдеген телефон чалуулар болуп жатат.Эгерде журналистер бизге тоскоол болбогондо эмдигиче эмдөөнүн биринчи дозасын аяктайт элек”-дейт министр.
Булак:argument.kg