Алтынбек Сулайманов: «Атамбаев абактан чыгып, Акаев менен Бакиев да Кыргызстанга кайтып келсин»
02-бештин айы, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваАтамбаев да, Акаев менен Бакиев да акталышы керек. Мындай пикирин саясатчы Алтынбек Сулайманов жергиликтүү ЖМКлардын бирине билдирген.
«Атамбаевдин абактан чыгат деген сөздөргө оюңуз кандай?»,- деген суроого:
«Чыга берсин. Мыйзам чегинде, азыркы убакта шектүү катары тергелип жаткан иштер боюнча, башка маселелер боюнча да таза чыгып атса абактан, чыксын. Ага катар Акаев менен Бакиевди да кайтарып алыш керек Кыргызстанга. Алардын үй бүлөлөрү менен эмес, өздөрүн эле алып келип, өз өлкөсүндө жашоого мүмкүнчүлүк бериш керек»,- деп жооп берген.