Казакстандагы башаламандыкта каза болгондордун ичинде Кыргыз жарандары
дагы бар экенин «Помогать легко» кайрымдуулуук фондунун башчысы Динара
Аляева социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Алматы шаарында каза болгондордун саны 100дөн ашуун киши экени тууралуу расмий маалымат бар, бирок андан 2 же 3 эсе дагы көп болушу мүмкүн. Каза
болгондордун ичинде Кыргыз жарандары дагы бар. Алар Казакстанда иштеген же
убактылуу барган жарандар. Туугандары алардын сөөгүн алып чыга албай
жатышат. Тышкы иштер министрлиги, Садыр Жапаров биздин жарандарга
жардам берүүүчүн штабуюштургула!», — деп жазды ал.
Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстандагы кагылышуудан жалпы 164 адам каза
болду.