Акылбек Жапаров: Партиялык фракциялар Кыргызстанды экиге бөлүп салышты
11-жетинин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы таза болоруна ишенем», — дейт Акылбек Жапаров «Коммерсант» гезитине берген маегинде.
«Эгемендүүлүктүн онунчу мезгили, «парламенттик демократия» деп аталган мезгил аяктаганына абдан кубанычтамын, ар кайсы фракциялардын шайлоонун жыйынтыгы биздин Кыргызстанды пирожкидей кесип салган.»-деп эскерет мурунку партиялык шайлоолорду. Ошондой эле Акылбек мырзанын айтымында, он жылдын ичинде өлкө бардык профессионал менеджерлерден ажыраган. «Партиялар ишин улап жатышат бирок , бир да талкууда элдин көйгөйү каралган жок. Талкуулар фракциялардын кызыкчылыгын коргоо, фракция лидерлеринин кызыкчылыгын коргоо болду. Коррупция, көмүскө экономика, бийликтин жардамы менен байып кетүү мүмкүнчүлүгү былтыркы катастрофага алып келди. Президент Садыр Жапаров буга жол бербөөгө чечкиндүү кадамдарды жасап жатат. Жаңы Конституция боюнча өкмөттү азыр мамлекет башчысы өзү түзөт. Ал жаңы министрлер кабинетин түзүп, аны жетектөөнү мага тапшырды. Жаңы өкмөт элдин ишенимине ээ болуп калды.
Бизде азыр эң прогрессивдүү шайлоо системасы бар: бир мандаттуу жана пропорционалдык шайлоолор гана эмес, Скандинавиядагыдай ачык партиялык тизмелер да бар. Өлкөдө азыр бардык саясий күчтөрдүн үгүт иштерин жүргүзүүгө толук эркиндиги бар. Ар бир оппозиция өз ишин каалагандай жүргүзө алат. Президент өз партиясын сунуштаган жок, бирок ишенип коюңуз: элибиз башаламандыктан тажады. Элибиз президенттин программасын колдогон жоопкерчиликтүү, мекенчил күчтөргө добуш берет. Парламенттин жаңы курамы мыйзам чыгаруу тармагына басым жасап, министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтөт”, — деп жыйынтыктады ал.