АКШга иш сапары менен барган кыргыз депутаттары өздөрүнүн маданиятсыздыгын көрсөтүшүп, элдин сынына кабылышты
02-жалган куран, 2020-ж // //Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков эки күн мурун Инстаграмдагы баракчасына АКШдагы иш сапарында тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
“АКШдагы иш сапар алкагында азыркы визалык чектөөлөр боюнча маселени Улуттук Демократиялык Институт жетекчилерине жана АКШнын конгресс өкүлдөрүнө жеткиликтүү жеткирип, кайра карап чыгуусун сурандык. Дагы алдыда үч күн бою бул маселени көпчүлүк, азчылык өкүлдөрү менен жолугушууларда көтөрмөк болдук” – деп жазган Рыскелди Момбеков.
Социалдык тармактын колдонуучулары чет өлкөдө иш сапары менен жүргөн эл өкүлдөрүнүн жүрүм-турумун катуу сынга алышты.
Рыскелди Момбеков жүктөгөн сүрөттөрдөн ал АКШнын Конгресс өкүлү, аял киши менен сүйлөшүп турганда, колун чөнтөгүнө салып, чендейип турганын байкасак болот. Ал эми депутат Марлен Маматалиев буту менен тосмону тээп турганын көрөбүз.
Фейсбуктагы Накта Кыргыз аты менен катталган колдонуучу депутаттардын сүрөтүн жүктөп, “Маданияттын туу чокусуна жеткен экенбиз!” – деп жазган.
Социалдык тармактын колдонуучулары алардын жөнөкөй эле этиканын эрежелерин сактабагынын айтышып: “Койлор!” , “Ош базарында жүргөндөй жүрүшөт”, “Ушулар өздөрүн сүрөттөн карап алып, уялышат бекен?”, “Биздин элитанын деңгээли ушул” деп катуу сынга алышууда.
Аял киши менен бет маңдай сүйлөшүп турганда чөнтөккө колду салып алуу – бул элементардык этиканы билбөө, маданиятсыздык экенин биздин депуттар билишпейби?-деп КыргызстанТудей жазып чыкты.