Акматов: Бул жакта “Душка”, “Челюсть”, “Миллиондордун” ортосунда саясий тирешүү болуп жатат
04-кулжа, 2019-ж // //Саясий талдоочу Айданбек Акматов түз эфирдик талкууда өзүнүн жеке пикирин билдирди:
“Саясий тирешүү баарыбыздын көз алдыбызда болуп жатат. Мен каймана аттары менен айтып коюн, бул жерде 3 инсандын ортосунда тирешүү болуп жатат. Алар: “Душка”, “Челюсть”, “Миллион”,-деп билдирди Акматов.
Ал эми “Душка”-деген Дүйшөн Төрөкулов деген депутат деп кошумчалады бүгүнкү талкууда И.Матраимов.
Учурда Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүнө 5-канал аркылуу түз эфирде жооп берип жатат.
Эске салсак, «Азаттык» 29-майда жарыялаган иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен 700 миллион долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган.
Искендер Матраимов – Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл арасында «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимовдун бир тууганы.
Булак:Говори тв