Аида Салянова: «Ооз ачкандын баарын ур-токмокко ала беришеби?»
24-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваЖурналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровдун тарапташтарын милиция кызматкерлери алып кетип ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу мурдакы башкы прокурор Аида Салянова фейсбук баракчасына жапзып чыкты. Анын айтымында тынчтык митинг учурунда экөөнү милиция кызматкерлери кармап кетип, Ленин райондук ИИБ ур токмокко алышкан.
“Урматту ички иштер министри Ниязбеков мырза!
Болот Темиров менен Болот Назаровду бүгүн сотто Шайлообеков Нургазы менен Назаркулов Айбек активдүү колдоп турган. Митинг бүткөндөн кийин Ленин районунун аймагынан аларды уруп сабап милиция кызматкерлери Фучикдеги бөлүмүнө алып кетишиптир. Муну кандай түшүнсөк болот?!
Кечирим сурап тез арада кое бересинер деген үмүттөмүн!”-деп жазган. Бул боюнча азырынча Ленин райондук ИИБ жооп бере элек.