Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков менен мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевге Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары тапшырылды. Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулуна ыраазычылык кат тапшырылды.

Алар сыйлыктарды 23-августта Токиодогу Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын сыйлоо аземинде президент Садыр Жапаровдун колунан алышты. Келдибеков Оор атлетика боюнча федерациянын президенти, Турганбаев менен Асылбек уулу күрөш федерациясынын вице-президенттери.