Курманбек Бакиев: “Мени сотко бергиле, менде күнөө болсо түрмөгө өзүм барам”
03-кулжа, 2020-ж // //Мурунку мамлекет башчысынын билдирүүсүн 24.kg маалымат агенттиги таратты.
“Мен аларга (Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына) сот системасындагы иштерди тартипке салууну сунуш кылмакмын. Мен буга чейин Лондондун сотунда Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлдөрү менен бир жолу жолукканмын. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, Лондондогу соттун чечиминде (сөзмө-сөз айта албайм, бирок текшерүү оңой) Кыргыз Республикасындагы сот тарабынан күнөөлүү деп табуу үчүн прокуратура органдары далилдерди бурмалагандыгы тууралуу айтылган. Мен Улуу Британиянын сотунда өткөн Шон Дейлинин иши жөнүндө айтып жатам. Баса, мен дагы, үй-бүлө мүчөлөрүм дагы жашырынбай, сотко келип, тийиштүү түрдө катыштык. 2010-жылдын апрелинен баштап БУУнун же башка бирөөнүн колдоосу астында көз карандысыз иликтөө жүргүзүү жөнүндө айтып келе жатам, бирок мунун эч кимге кереги жок жана буга эмне себеп экени түшүнүктүү”, — деди Курманбек Салиевич.