23 жаштагы ата ыйлай берген наристени муунтуп өлтүрүп салды
05-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваКрымдын жашоочусу кызын ыйлаганы үчүн өлтүрүп, андан кийин ымыркайдын сөөгүн милицияга кокустук катары өткөрүп берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
«Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин «билип туруп жардамга муктаж жашы жете элек адамды өлтүрүү» пункту боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ымыркайдын денесинде зомбулук менен өлүмдүн тышкы белгилери болгон эмес.
Кыздын денесин медициналык текшерүүдөн өткөргөндө, ал муунтулуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Кармалган атасы кыз ыйлай бергенинен улам аны муунтуп салганын мойнуна алган» деп айтылат маалыматта