ДомойДүйнө кабарларыБактияр Токторовдун "Буй-Буй" ыры плагиатпы?

Бактияр Токторовдун «Буй-Буй» ыры плагиатпы?

Ырчы Бактияр Токторовдун  “Буй-буй” аттуу ыры  чоң талкуу жаратты. Мунун баары италиялык Tiktoker alessandrocaruso78 бул ырга видео тарткандан кийин башталды. Анын видеосу 4 миллион көрүүгө ээ болду.

Бул ыр аябай чоң резонанс жаратты: Айрымдыдары башка өлкөлөрдө кыргыз ырына көңүл бурулуп жатканын кызуу кабыл алса, башкалары бул ырды плагиат деп айтып чыгышты. Бул тууралуу журналист Элмира Мадиева өзгөчө көңүл бурду

 

«Топтордун биринде Бахтияр Токторовдун «Буй-буй» ырынын түпкү теги такыр башка деп жазгам. Чет элдик ырларды да кээде угууга туура келет. Токторов бул ырдын ритмин кыргызча кылып өзгөртүп койгон. Бирок Токторов бул ырды 2000-жылы жазганын айтат.Ал эми Бенсонхерст Блюз деген ырчы  ырды 1973-жылы чыгарган .1979-жылы голландиялык музыкант жана композитор Оскар Бентон бул ырды жаңырткан. , жана популярдуу болгон- деп жазган Элмира Мадиева.

Бахтияр Токторов өзү ырдын автору ага таандык экенин айтып, 2007-жылы патент алган.

«Ыр меники. Эң негизгиси ырдын сөзү, обону, аранжировкасы меники. Мен өзүм ырдадым», — деди ал.

Ал ошондой эле анын ыры башка тилдерге которулганын жана аны менен сыймыктанарын кошумчалады.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз:
0702-121100,
0772-121100,
0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда