10 жаштагы кызын куткарам деп, атасы да сууга чөгүп каза болду

10 жаштагы кызын куткарам деп, атасы да сууга чөгүп каза болду

11-кулжа, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

 

Ысык-Көлдүн Түп районунун Балбай айылында көлгө атасы кызы менен чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 10 жаштагы кызынын көлгө чөгүп жатканын көрүп атасы да сууга боюн таштаган. 42 жаштагы эркек киши кызын куткара албай чөгүп кеткен.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар кыз жана эркек кишинин сөөгүн суудан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.