Текебаевге элчилик кызмат сунушталган да жок, баш тарткан да жок

Саясатчы Өмүрбек Текебаевге бийлик тарабынан кызмат сунушталган эмес. Бул тууралуу маалымат кызматы билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки жана азыркы бийлик тарабынан эч кандай кызматтык сунуштар түшкөн эмес. Буга чейин массалык маалымат каражаттарына Өмүрбек Текебаевге элчилик кызмат сунушталып, жакынкы арада Белгияга элчи болуп кете турганы жарыяланган. Учурда саясатчы сот иштери менен алек болуп турган чагы.

ARGUMENT.KG


Сиздин пикир