Жапаров-президент,Мадумаров-спикер,Исаев-премьер-министр,Сегизбаев-УКМК төрагасы болобу?

10-январда өтө турган президенттик шайлоонун үгүт иштери аягына чыгаарына туура 5 күн калды. 15- декабрдан бери карай кайсыл талапкердин өлкөнү өнүктүрүү, күчтүү мамлекетти куруу багытында кандай программалары, кандай пландары бар экени маалымат каражаттары, интернет булактары аркылуу кеңири айтылып келатат. Кайсыл талапкердин кандай мүмкүнчүлүгү бар экени деле белгилүү болуп калды. Айрым талапкерлердин баштагы рейтинги үгүт иштери маалында төмөндөп кетсе, айрымдары коомчулук күтпөгөн
жерден жаңы ишенимдерди ойгото алды.
Кыргызстандыктар үчүн эң башкысы бүгүнкү күндө стабилдүүлүктүн орношу болуп турат. Президенттик шайлоодон кийин болуп кетиши мүмкүн делген ар кандай саясий олку-солкулуктун кесепеттери гана тийиши мүмкүн экени да түшүнүктүү. Мамлекеттүүлүгүбүздү акыркы «чынжыр» кармап турат. Мамлекеттик кызматтагылардын айлык акысын, пенсия, жөлөк пул сыяктуу төлөмдөрдү камсыз кылуу үчүн Россия Федерациясы 20 миллион доллар кайтарымсыз жардам бере турган болгону эле эмнени каңкуулап турат? Бул биздин мамлекеттин экономикасы жыртык тепшиде очорулуп отуруп калганын түшүндүрөт. Эгерде шайлоодон кийин дагы бир жолу төңкөрүш сыяктуу окуяларды кайталасак, анда жыртык тепшибизди кошо жоготобуз.
Жоголгон нерсени кайра жасоо кыйын. Андан көрө жыртык тепшини бүтөө аракетин жасоо жеңил. Ушундан улам бүгүнкү күндө шайлоочулар тарабынан көбүрөөк колдоого ээ болуп жаткан талапкерлердин ынтымакка келүүсү, биримдиги өтө маанилүү. Эгерде алдыңкы талапкерлердин көздөгөнү жөн гана бийликке жетүү, баарын өз каалоосундай башкаруу гана эмес, Кыргызстан деген мамлекетти сактап, аны күчтүү жана өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу болсо, анда алардын ар бири жеке амбицияларын азыраак болсо да
артка тартып, бирдиктүү күч болуулары зарыл. Мисалы, өткөн жылдын октябрь айындагы рейтинги ошол калыбында турбаса дагы С. Жапаров дагы деле шайлоочулардын басымдуу бөлүгүнүн көңүл борборунда турат. Шайлоодо жеңишке жетүү – бул биринчи тепкич. Ал эми бийликти кармап калуу – бул негизги тепкич. Толук кандуу, ишенимдүү иштөөсү үчүн ал биринчи кезекте өзүнүн негизги менен тил табыша билүүсү маанилүү. Ток этерин айтканда, ал оппоненттерин душманга айлантып албастан, алардын да өлкөнү өнүктүрүү багытындагы программаларын, пландарын, сунуш-демилгелерин туура кабыл алып, тажрыйбаларын пайдалана билгени оң. Президенттик шайлоодон кийин дагы бир негизги маанилүү шайлоо – бул парламенттик болуп саналат. Жаңы 7-чакырылыштагы парламент келет. Ошол парламенттин башына, спикерлик кызматка Адахан Мадумаровдун отурганы жаңы шайланган президент үчүн да утуш болот. Биринчиден, Адахан Кимсанбаевичтин бул кызматты тартып кетүүсүнө тажрыйбасы толук жетиштүү. Экинчиден, ушул кызматта отуруп, ал өзүнүн программасын, сунуш-демилгелерин ишке ашыруусуна шарт түзүлөт. Анын шайлоочулары да ыраазы болот.

Жаңы келген парламент жаңы өкмөттүн курамын бекитет. Өкмөт башчылык кызматты бул ирет Канат Исаевдин аркалаганы кырдаалдын турукташуусуна өбөлгөлголот. Аткаруу бийлигинде иштеген тажрыйбасы бар. Коррупцияны ооздуктоо, бюджетти толтуруу багытында пландары бар экенин теледебатта, журналисттерге берген маектеринде билдирип келатат.
Ал эми биринчи-вице-премьер-министр кызматына Бабур Төлбаевдин («Мөл Булак Финанс» кичи кредиттик компаниясынын башчысы) келгени өтө туура кадам болгону турат. 45 жаштагы бул талапкердин программасы экономиканы өнүктүрүүгө жаңыча нук салып бере алчудай. Ырас, ал буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес, саясатта да болбогон, бирок анын финансы тармагындагы жасаган ийгиликтери, ишенимдүү, көзгө даана элестете алган пландары кыргыз өкмөтүнүн ишине жан киргизе ала
тургандай болууда. Кандайынан айтсак дагы, Атамбаевдин убагында УКМКны жетектеген Абдил Сегизбаев өзүнө тагылган милдетти өтө так аткара алган. Мамлекеттеги стабилдүүлүктү сактоо, ички жана тышкы ар кандай саясий күчтөрдүн интригаларын алдын-алуу жагын өтө мыкты билет. Андыктан анын бул тажрыйбасын пайдалана билүү жаңы келе турган бийлик үчүн пайдалуу гана боло алат.

Сот системасын кескин реформалоо боюнча Клара Сооронкулованын тажрыйбасы, мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык колдоого муктаж жарандарга камкордукту күчөтүү жагын Улукбек Кочкоровго ишенип тапшырууга мүмкүн. Мамлекеттин ар кайсыл бучкагынан кармап алып, көк бөрү тарткандай тартышып жүрө бербей, балким дал ушул биргелешип мамлекетти оңдоо жолун тандоо учуру келди. Бул биздин сунуш, талапкерлер аны кандай кабыл алат?
Сагынбек Сатыкеев
Булак: Медиа центр.кж

Сиздин пикир