Бир өлкөнүн расмий жаңылыктарын Гүлжан Кулмамбетова бузуп салганда

 

 

Ойкуштаган Гүлжан Кулмамбетова бул жолу да кыргызтандыктардын оозун ачырды. Ал 15-февралда КТРКда жаңылыктардын кечки топтомунун чыгарылышында диктордук чеберчилиги менен эмес, чычкак сары костюму менен чыга калып, миллиондогон көрөрмандар кабар укпай эле Гүлжандын сапсары костюмун карап отурушту эй! Студиянын көгүлтүр фонуна, анан да кубарган Гүлжандын өңүнө сапсарысы жарашпай, экранды ээлеп, “мени карагыла” деп “чаңырып” турду. Суфлердон көзүн албай тексти окуп жатып, ыгы келсе-келбесе да башын ийкегилей бергени да көп суроолорду жаратат.

Сураштырсак, КТРКда жаңылыктарды алып барган дикторлор үчүн дресс код деле жок экен, алар колго илингенин кийип чыгат турбайбы. Гүлжан болсо 15 жылдан ашык убакыттан бери миң жолу эфирге чыкса, миң башка кийинип, ушул кезге чейин өзүнүн стилин таппай, кайсалап жүрүптүр. Музыкалык, же көңүл ачуучу программа болсо эркин кийинсе болот, анан бир өлкөнүн расмий жаңылыктарын тараткан программаны Гүлжан Кулмамбетова “Мода өкүмү” берүүсүнө айландырып, күндө бирди кийип, “Дордой-Плазанын” кийимдерин жарнамалаганы кандай? Андай эле гардеробун көрсөткүсү келсе, Аскар Салымбековго, же башкасына менчик телеканал ачтырып алып, кызыл-тазыл көйнөктөрүн көрсөтө берсин. Башаламан учур өтүп баратат, КТРК эмес өкмөт да онлайн жыйындардын регламентин бекитип, кызматтагы кишилерге джинсы, шорты жана кызыл-тазыл спорттук кийимдерди кийүүгө тыюу салды. КТРК да дикторлорго ушундай тартип коюусу зарыл.

“Азия Ньюс” гезити


Сиздин пикир