Атамбаев абакта курорттогудай эле жашап жатыптыр

УКМКнын камагынан №47 түрмөгө которулганы Алмазбек Атамбаев өзүн жакшы сезе баштаганы ырасталды.

Ал жакта дарыланууга жакшы шарт каралганы, камерасы таза, кенен, о.э. душ, туалети өзүнчө жайгашып, жашаганга ыңгайлуу экени айтылат. Ал каалагандай сейилдеп, адамдар менен эркин баарлашууга чыга аларын да жашырган эмес. Тамак-аш, жер-жемиштер арбын келип турары, дары-дармектен кем-карч болбогонун да эшиттик.

Баса, Атамбаев: “Текебаев убагында бул жерде “закрывашкада” (жабык жайда) жамынып отурса, мен эл менен аралашып жүрөм. Садыр Жапаров менин душмандарымды сөгүп атат…” деп бир топ саясатчылардын фамилияларын атаптыр. Айтор, бүгүнкү күндө экспрезидентте эркиндик болбогону менен курорттогудай эле жашап жатканынан кабар алдык. Дагы бир жагдай, ал Сооронбай Жээнбеков эртеби-кечпи камаларына ишенет экен. Ушул жагын тездетүүгө өзү да жардам берерин ишенимдүү булактар билдиришти.”

“Азия Ньюс” гезити


Сиздин пикир