ВИДЕО-“Чык эшикке”. Зеленский чиновникти жыйындан кууп чыкты

166
11.07.2019

Украинанын президенти Владимир Зеленский Борисполь шаарында өтүп жаткан жыйында шаардык кеңештин катчысы Ярослав Годунокту залдан “кууп чыкты”. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

Годунок жыйында сөз сүйлөп жаткандардын биринин сөзүн бөлгөнү үчүн Зеленский:

“Көп сүйлөгөн чиновниктер тууралуу дароо интернеттен издеп, маалымат алам. Мурда соттолгон Годунок сенсиңби? Тезинен чыгып кет, чоң муштум, укпай жатасыңбы”,- деп аткаминерди жыйындан кууп чыкты.

Президенттин бул сөзүн жыйындын катышуучулары кол чаап коштоп жиберишти.

Албетте, Годунок да Зеленскийдин мурунку сөздөрүн эскертип, жооп кайтарууга үлгүрдү.

Булак: NazrNews.kg

Category

Сиздин пикир