Өзүм атасыз өскөм балдарым үчүн тиран күйөөгө чыдайм

Өзүм атасыз өскөм балдарым үчүн тиран күйөөгө чыдайм

01-аяк оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Атам башка аялды жактырып калып мындан жыйырма эки жыл мурун апам экөөбүзду таштап кетип калган. Апам жалгыз мени багып чоңойтууда көптөгөн кыйынчылыктарды тартып, кээде ачка уктаган күндөрүбүз болду. Баарынан да атамды сагынып ыйлаган кундөрумду апама көрсөтө албай жашырып жашадым. Окууну аяктаганча атама болгон кусам көөдөнүмдү өйкөп келди. Жолдошумдун сырткы келбетин атама окшоштуруп аз эле сүйлөшүп турмушка чыгып алгам. Азыр күйөөм мени басмырлап, көп урат. Ажырашып кетким келет бирок балдарым да мен сыяктуу кусасын ичине катып балалыгын өткөрүп калабы деп кокуп ажыраша албай келем.