Зулушев орун басарларын жазалады, бул сабак Аширходжаевди кыйгап өткөнү кандай?

Зулушев орун басарларын жазалады, бул сабак Аширходжаевди кыйгап өткөнү кандай?

28-үчтүн айы, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева
Январь айындагы уюшкан кылмыштуу топтордун күч алганы, ишкерлерди коркутканы, бири-бирин өлтүргөнү, Сузак районундагы башаламандык, айтор, жалпы ушул кырдаалдар боюнча башкы прокуратуранын эки орун басары кызматынан айдалган. Жаңылары дайындалды. Мыйзам көзөмөлдөө органы кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчилик алып, жетекчилерди кызматтык жазага тартышты. Башкы прокурор Курманкул Зулушев сабак катарында кесиптештерине туура баа берди. Мындай шартта ИИМдин орун басары, тергөөнү тейлеген куратору Эркебек Аширходжаев да моралдык жагын, мыйзамдын кыйшайганын эске алып, отставкага кетиши керек эле. Себеби, жоопкерчилигин кайда жашырабыз? Мунун артында көп “былыктары” басылып жатат го? Тилекке каршы, эч козголбой, креслосун бекем мыкчып, тырышып отурат. Башкы прокурордун эки орун басары жазаланып атса, Эркебек Аширходжаев алардан да бийикпи? Же эч кимди тоготпойбу? Генералдыкты да “мыйзамсыз” алганы талкууда, качанкыга чейин тайраңдайт? Акыл калчай турган убак келди. Жетишет!«Азия Ньюс» гезити