Саясат

Журналист Назгүл Мамытова парламентке Атамбаевди коргогону аттандыбы?

СССР держава болуп турганда Кыргызстан өндүрүшү күркүрөгөн, айыл чарбасы оң жолго коюлган, индустриялуу республика эле. Союз ураганда ошол кездеги атка минерлер кол жетти эле мамлекетти тоноого жапырт киришти. Ошентип, 90-жылдардын аягында же мал чарбасы жок, же бир машина курусу жок, же бир ишенген заводу жок баарынан кур жалак калдык.
Ошондой мезгилде биздин мурдагы президенттердин бири Алмазбек Атамбаев деген олигарх пайда болду.
Анда кеп башынан болсун. Атамбаев карапайым эле адамдардын катарында күн кечирген адам болгондугун замандаштары көп айтышат. Анын байлыгынын башаты Кыргызстан жазуучулар союзуна Орусиядан жардам иретинде келген 50 миллион рубль акчадан башталгандыгын туңгуч ажобуз Аскар Акаев да тастыктап берген эле. Маалымат ачык интернет булактарында жайнап турат. Ал акчаны Атамбаев жазуучулар союзунун төрагасына орун басар болгондуктан өз карамаганы алып, иштетип, анан тапкан пайдасын жазуучуларга бермек болот. “Кыргызавтомашты” приватташтыруу жолу менен сатып алып, ичиндеги жабдууларын, түстүү металдарын Кытайга сатып жок кылгандыгы эми өзүнчө кеп. Ал эми Жазуучулар союзуна келген акчанын ошол бойдон ың жыңсыз Ашакеңдин кулкунан чыкпай калгандыгы шексиз. Аны сураган да, иликтеген да жан болгон эмес убагында.
2017-жылкы кыш эч кимдин эсинен чыга элек. Ошол жылы кыш оор болуп Бишкек ЖЭБ аварияга учурабаса, балким ал жердеги кылгылыгы да билинбей калмак.
Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин мен билген таржымалы уушундай.
Жумурай журт каргап шилеп жатса да дайыма коргоп, дайыма жактап сүйлөгөн парламентте Ирина Карамушкина деген, Рыскелди Момбеков деген анын өз колунан өнүп чыккан депутаттары бар эле. Кудайдын буйругубу, замандын талабыбы, айтор парламенттин ал чакырылыш да кетти. Бир башын алса экинчиси өсүп чыккан ажыдаар сыяктуу эми да Атамбаев дегенде үй бүлөдөн, элден жерден кечип салгылаша турган фанаттары дагы эле жок эмес экен. Жетинчи чакырылышка Ысык-Көл районунан бир мандаттуу округдан Назгүл Мамытова деген журналист депутаттыкка аттанып жатат. Анын өзүнчө программасы бардыр, бирок аны билген көпчүлүк эл Атамбаевди эле коргогону бара жатат деп жатышат. Деги ушул ууру, коррупционерлерди коргоо качан калат бизде?!

Бурганак Толкунов

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *