Жумуштан келсем апам нан бышыра албаган аялымды кетирип жибериптир

Жумуштан келсем апам нан бышыра албаган аялымды кетирип жибериптир

15-баш оона, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева
«Жумуштан келсем келинчегим жок»
Үйгө келсем демейде тосуп чыкчу
келинчегим жок. Апам огороддун
башындагы тандырдын жанында отурат.
Кызыгып жанына бардым. Оттун күлүнө
түшкөн нандарды тазалап жатыптыр.
— Нан жапканды унутуп калдыңызбы?
— Мен эмес, аялың.
— Түшүнбөдүм.
— Нандын баарын убал кылып күлгө түшүрдү.
— Ал көрүнбөйт го?
— Үйүнө кууп жибердим.
Апам буга чейин деле келинчегимдин жасаган иштерин жактырчу эмес. Колунан жула калат,

артынан барып аңдып турат дегендей. Акыры кетирип тынган экен.
Аялым менен бир ай сүйлөштүм. Экөөбүз шаардан таанышканбыз. 19 жаштагы
студент кыз эле. Үйлөнүү сунушун киргизсем макул болду. Баш кошкондон кийин окуңду
кийин улантасың деп айылга алып келгем.
Өзүм кошуна байкенин цехинде механик болуп иштейм. Эртең менен кетем, кечинде
келем. Бүгүн эле минтип эрте келсем, үйдө
ызы-чуу болгон экен.
Апаман уурданып биринчи
аялымдын үйүнө барам
Телефонуна чалсам албайт. Үйүнө барып келейин десем, «босогомду аттатпайм» деп

апам жөнөтпөйт. Эмне кылаарымды билбей калдым. Анын үстүнө баш кошконубузга эки
ай боло элек. Бир аял кетирди деген атка конгум келбейт.
Апаман эмне болгонун сурадым. Нан жаса деп айткан экен. Келинчегим жакшы эле от жагып тандырды ысытат. Анан нан жаба албай баарын күлгө түшүрүп алат. Муну көргөн апам айтчусун айтып үйдөн кууп чыгат.
Эмне кылсам болот? Келинчегимди алып келсемби? Бирок баары бир апам экөөбүздү жашатчудай эмес. «Колунан эч нерсе келбеген аял алдың»,-деп кайра мени урушат. Үйгө качан келбейин ызы-чуу. Тажап кеттим. Мага кеңеш бергилечи.