Жума намаздан соң имам шайлоого аттанган Самара Каримовага дуба кылганы талкуу жаратты
09-жалган куран, 2020-ж // //Ош шаарынын борбордук мечитинде жума намаз учурунда имам ырчы Самара Каримовага ыраазычылык билдирген. Ошондой эле имам намаз окуганы келгендерге ырчы айым элге дайыма жардам берип, кайрымдуулук кыларын айткан. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына өздүк булактары билдирген.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова жакында Ош шаардык кеңештин депутаттыгына “Биримдик” партиясы менен талапкер катары бара турганын билдирген. Ал эми шайлоо мыйзамына ылайык талапкерлерге үгүт иштерин жасоого шайлоо башталгыча тыюу салынган. Мындан тышкары дин ишмерлери партияларга же талапкерлерге үгүт иштерин жасай албайт.
Бул тууралуу Kaktus.media маалымат сайтына Кыргызстан мусулмандарынын дин иштери боюнча башкармалыгы жооп берген.
“Ош шаарынын борбордук мечитинин имамы аль-Бухари-Алай жума намаздан кийин мечитке жана медреселерге жардам кылган адамдарга дуба кылган. Жардам берген адамдардын арасында Самара Каримованын да үй-бүлөсү болгон. Дубаны үгүт деп эсептөөгө болбойт. Элди бөлүп-жарбоого чакырабыз”,-деп белгилеген Кыргызстан мусулмандарынын дин иштери боюнча башкармалыгынын маалымат кызматы.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча бул тууралуу үн ката элек-деп БарсМедиа жазып чыкты.