Жоокер жанындагы жоокерди атып алды
10-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваБаткен облусунда жоокер жанындагы жоокерди атып алган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта, Лейлек районунун Кулунду айылында жайгашкан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин №707 аскер бөлүгүнүн жоокери Чек ара кызматынын жоокерлери менен бирге Сада айылындагы чек арага жакын жердеги нөөмөт пунктунда коомдук коопсуздукту сактоо боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатып, чогуу кызмат өтөп жаткан жоокерди кокустуктан атып алган.
Тактап айтканда, жоокерлер ок атуучу куралды алып жүрүүдө коопсуздук талаптарын бузуп, бири-бирине ойноп курал кезешкен. Мындан улам Ички аскерлердин катардагы жоокери — 2002-жылы туулган Н.у.Т. кокустуктан бет маңдайында турган шериги — Ички аскерлердин жоокери тарапка ок атып алган.
Жарадар болгон катардагы жоокер — 2003-жылы туулган М.у.К. дароо ооруканага жеткирилген, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок.
Алдын ала маалымат боюнча, Н.у.Т. «АКСУ» автоматына этиятсыз мамиле кылган.
Ички аскерлердин командачылыгы милиция кызматкерлери менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын териштирүүдө.