Жолдубаева да жоопко тартылат
14-баш оона, 2019-ж // //Мурунку прокурор Индира Жолдубаева да Батукаев маселеси боюнча жоопко тартылат өңдөнүп калды.
Себеби, ага карата да Батукаев боюнча суралып, камалып жаткандардын бири көрсөтмө бергени маалым болду. Бул тууралуу айрым ЖМКлар күч органдарындагы ишенимдүү булактарына таянуу менен жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, Жолдубаева ал кезде президенттик аппаратта соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмдү жетектеп, соттордун ишин көзөмөлгө алып турган. Ушундан улам, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен Нарын шаарынын судьясы Жапар Эрматовго көрсөтмө бериши мүмкүндүгү айтылууда.
Маалым болгондой, Батукаев иши боюнча камакка алынып, кайра үй камагына чыккан мурунку судья Эрматов Батукаевди эркиндикке чыгаруу боюнча өкүм чыгарган. Азырынча Жолдубаеванын качан суракка чакырылары белгисиз, деп «Багыт.kg» өз пикирин коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg