Жолдошум түнкү көпөлөктөргө барат, кантип токтотом?

Жолдошум түнкү көпөлөктөргө барат, кантип токтотом?

22-жалган куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

— Саламатсыздарбы эжелер. Сиздерге кайрылгым  келип жатат, кеңешке аябай муктажмын. Турмушка  чыккканыма төрт жылдын жүзү болду.  Ортодо эки балабыз бар.  Кичүү балам бир жашта. Жолдошум акыркы кезде аябай өзгөрдү.  Бир жылга чукул экөөбүз эки башка каранып уктайбыз. Жумуштан улам көңүлү болбой жатабы деп ойлоп жүргөм.  Акыркы айда аябай кеч да келе баштаган. Өткөндө кийиминен аял кишинин атыры жыттанып калыптыр. Айтсам, “одноразовойлого барып жатам”- деп мага бурк этти. Угуп алып аябай жаман болдум. Демек мен түнкү көпөлөктөрдөн да төмөн түшүп калыптырмын.  Күйөөмдөн жийиркенип калдым. Келгенде мурункудай чайымды тамагымды бергим келбей айласыздан тосуп алып жатам. Кандай кылганда күйөөмдү оңдойм.

Жайна