Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

11-бугу, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Кыз-жигит болуп сүйлөшкөнүбүзгө төрт жылдан ашты. Быйыл баш кошуу жөнүндө ойлоно баштадык. Бири-бирибизди сүйөрүбүз анык. Бирок, үй-бүлө куруу үчүн бул жетишсиз деп ойлойбуз. Жоопкерчиликтүү кадамга аң-сезимдүү түрдө, жакшылап акыл калчап туруп барууну туура көрөбүз.

Ишенесиңерби, экөөбүз жаңыдан таанышканда оюбуз бир чыкканын билип каткырганбыз. Мен күйөөгө тийбейм, ал үйлөнбөйм деген принцип менен жүрчү экен. Элдин сөзү биз үчүн эч нерсеге татыбаган бир нерсе. Дос катары сүйлөшүп баштадык. Бара-бара сезимдерибиз ойгонуп, достуктан башка бир кадамга өткөндөй болдук. Эми минтип жаңы статус алганы турабыз.

Мен күйөөгө чыккандан кийин азыркыдан дагы жакшы жашашым керек. Жок дегенде төрт көйгөйүм болсо, ошонун үчөө чечилиши зарыл. Жигитим дагы үйлөнө турган болсо, дал ушундай болушу керек. Туурабы?

Баш кошордон мурун толук медициналык текшерүүдөн өттүк. Бул чечимге мурун эле келгенбиз. Экөөбүздө кандай көйгөйлөр бар, бири-бирибизге физикалык жактан дал келебизби билели дедик. Башында бул тууралуу жигитиме айткандан кооптонуп жүрчү элем. Кандай кабыл алат деп көп ойлогом. Таң калычтуусу дароо макул болгону болду.

Бейтапканага бардык. Бүт анализдерди тапшырып, толук текшерүүдөн өтө баштадык. “Эмне жөн эле текшерилгени келдиңерби”, “чындап эле эч жериңер ооруган жокпу”, “балалуу боло албай жатасыңарбы” ж.б. Дарыгерлердин баары таң калып жатты.

Гинеколог эжеге кирсек “баш кошконго чейин текшерилип алууну туура көргөн жаштарды көптөн бери кабыл ала элек элем” деп сүйүнгөнүнөн жашып алды. Кеңештерин берип, жылуу узатты. Уролог агай дагы сүйүнүп, “эң туура чечим жасадыңар, көпчүлүк баш кошуп анан кыйналып бейтапканалап жүрүшөт” деп, ал дагы кеңештери менен бөлүштү.

Жигитим экөөбүз бейтапканадан сонун маанай менен чыктык. Туура иш кылганыбызга сүйүндүк. Колубузга анализ жыйынтыктарыбызды кармап алып, жашообуздун жаңы барагына багыт алдык.

http://Bilesinbi.kg