Жигитим бай болгон үчүн таштап коюп,башкага кетип баратам…

Жигитим бай болгон үчүн таштап коюп,башкага кетип баратам…

21-тогуздун айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева
Жигитин сүйүп туруп, башка бирөөгө күйөөгө тийгендер барбы? Сүйгөн адамыңыздарды унута алдыңыздарбы? Кыйналуу болобу сагынып?
Мени ата-энем башка бирөөгө күйөөгө берип жатат, өзүм жактырган адамды «алардын үй-бүлөсү бай, сени кемсинтип, келин катары көрбөйт» дейт апам. Аргасыздан сүйгөн адамымдан баш тартышка туура келди, ал болсо «ала качып кетем» дейт. Баары бир ата-энем отургузбайт мени, эмне кылсам болот? Тааныбаган адамды кантип сүйүп кетээр экем?…
Махабат