Жети жыл мурун каза болгон жолдошумдун ойношу там талашып тынчтык бербей жатат

Жети жыл мурун каза болгон жолдошумдун ойношу там талашып тынчтык бербей жатат

03-тогуздун айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Мындан жети жыл мурун жолдошум кант  диабетинен улам каза болуп калган. Төрт бала менен шаардын четиндеги төрт бөлмөлүү чала бүткөн  жер үйдө оокатымды өткөрүп келем. Убакыт бат эле экен, кыйналып отун суу алууга акчам жок бир бөлмөдө балдарымды жуурканга ороп таң атырган күндөр да артта калды. Улуу балам окууну бүтүп Москвага иштеп кеткен. Эки жылдан бери анын салган акчасына үйүмдү бүтүрүп, кийинки уулум менен кыздарымды чоңойтуп келин алам деп сүйүнүп баштадым эле. Көрсө дагы бир кайгы өз убактысын күтүп жүргөн экен. Жумуштан келсем үйдө бейтааныш аял жанында уулума куюп койгондой окшош тогуз он жаштагы бала отурат. Кирип келер менен : «Мага да жашоо керек болуп келдим»-деди. Айтканын түшүнбөсөм да өспүрүмдүн түспөлүнөн кептин төркүнүн боолголодум.

Көрсө жолдошум бул аял менен үч жылдан ашуун жашаптыр, жолдошума ишенгендиктенби он эки жыл чогуу жашаган жолдошумду  ушундай жолго барат деп ойлогон да эмесмин. Маркум жолдошум мени менен ажыраша турган болгондо авто кырсыкка учурап, кант диабетинен улам операцияга кире албай эки жылдай төшөктө жатып каза болуп калган эле.
Мен чабалактан үй бүлөсдүн камын ойлоп жүргөндө мага билдирбей төрт балам менен  чала бүткөн үйго таштап башканы таап жыргап жүрүптүр. Ал эми сүйүктүүсүнө шаардан бир бөлмөлүү үй алып бериптир. А мен болсо ишим жүрбөй жатат десе ага ишенип бар жолуна карабай чыдап балдарымды көтөрүп алып иштеп жүргөнүмчү. Келген аял күйөөм алып берген үйдү банкка коюп кредит алып төлөй албай алдырып ийип эми мен жашаган үйдүн жарымын талашып келиптир. Андан да сага чоңураак үй таштаган баламдын үлүшүн  алам дегеничи кишинин жанын чыгарып. Сөзүн аягына чыгарбай аялды кууп чыктым. Ал баласы экөө талаада калганына мен, менин балдарым күнөөлүү беле? Ким билет жолдошум авария болгондо жанынжа бирөө бар деп кийин жалгыз болуп калган ошондо ушул аялдыр. Кийбегенди кийгизиптир төшөктө жатканда бир сурап коюптурбу? Ушундай аялды өмүрүмдө биринчи жолу жолуктурушум. Азыр күн алыс келип нервимди жеп тынчымды ала берчү болду. Чала бүткөн үйдү раматылык күйөөм эмес кабыргасы ката элек уулум чет жерде  иштеп бирде ачка бирде ток болуп бүткөрүп берди да. Эми каяктагы күйөөмдүн ойношуна үйүмдүн жарымын беришим керекпи? Эми мени сотко берип там талаш башталды.  Уулум болсо Москвадан келе албай жатат. Кээде үйгө ар кандай кишилерди жиберет. Өзүмдөн кыздарымды корком. Эмне деген аял билбейм. Жолдошум өзү каза болгону аз келгенсип бир кездеги күнөөсүн мага калтырып кеткен окшойт. Анын кылган калыбына мен эмнеге жооп беришим керек? Кандай кылганда үйүмдү мыйзамдуу түрдө алып калам. Мага катталган. Эмне кылып чап кенедей жабышып бизге тынчтык бербеген аялдан кутулам? Юридикалык билими барлар мага жардам бергилечи?