Жети жашар өспүрүмдү сүзүп качып кеткен
28-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваЖети жашар өспүрүмдү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кайгуул кызматынын башкармалыгы билдирди.
Маалыматта, Бишкек шаарынын Юнусалиев жана Миррахимов көчөлүнүн кесилишинен жети жашар баланы унаа сүзүп качып кеткен. Өспүрүм алган жаракаттан улам травматология бөлүмүнө жаткырылган. Кырсыктын күнөөкөрү 18-жаштагы жаран болгон. Учурда айдоочу ШИИБ жеткирилип, териштирүү иштери жүрүүдө.