“Жерге берилди” -деген жер үстүндө жүрөт
14-баш оона, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваБул тууралуу Модератор.кж сайты билдирди:
“Жерге берилди” -деген жер үстүндө жүрөт. “Кабыр” кабыл алды деген, кыбырап Беларуссиядан “көрүнчү” болуп көрүндү. “Көр” дагы көргүсү келген эмеспи. Айтор, Бакиевдин кол баласы Данияр Үсенов жөнүндө көп сөздөр, өлүү-тирүүсү билинбеген “уламыштар” улана баштады. “Данияр, Беларус эли да кыргыз элиндей эмгекчил келет. Мен сага ишенем” –деп Беларус Президенти Лукашенко айтканына караганда өзүнө “өздүк” ысым ыйгарып алган Данил Урицкийди өлдү деп небак жерге берилген Данияр Үсенов экенин тастыктап койду. Ал эми Даниярдын катыны Динара Исаева Кыргызстанда эки жолку Жогорку Кеңештин депутаты болуп олтурат. Акчага келгенде биздин бийликтин абийири жоктугун ушундан билсе болот. Көрдөн-көрүнчүгө, көрүнчүдөн — көпөскө айланган “айланкөчөк”башты айландырган “айланпа” өлкөгө байланды. Мунун барын чырмаштырып-чаташтырган төбөгө ургур төбөлдөр болду. Жесир айым Динаранын күйөөсү жер үстүндө экен.