Жердешчил министр Бейшеналиев “сасыган орустар” деп чок таштадыбы?..

Жердешчил министр Бейшеналиев “сасыган орустар” деп чок таштадыбы?..

19-аяк оона, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

КР билим берүү жана илим министрлигине Алмазбек Бейшеналиев келгенден бери чуулардын артынан чуулар көбөйүп, коомчулук арасындагы чыңалуу чегине жетип турат.

Биринчи келгенде Түркия мамлекетинин консулунан бир нече ноталар түшүп, кандидаттык диссертациясы Ф.Гүлендин ишмердүүлүгүнө арналгандыгына байланыштуу эл аралык аренада мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунга коюлуп, министрликтен алынган болчу. Кайрадан министр болуп келгени коомчулукта көптөгөн суроолорду жаратты, анын негизгиси “билим тармагында мындан башка татыктуу адистер жокпу?” деген собол бар.

Мектептин ызы-чуусу бүтө электе министр мырза ЖОЖдордо конкурс жарыялап, жаңы чууну баштады. Конкурс уюштурганы – өзүнө жоопкерчиликти албагандыгы, качкандыгы да. Эмне үчүн президентибиз жоопкерчиликти жеке мойнуна алып иштеп атканда катардагы министр тайсалдайт? Министр мырзанын кылган иштери такыр билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатка туура келбейт. Ал билим тармагындагы иштеп аткан адамдардын психологиясын жакшы билет. Мугалимдер сезимтал болушат, жасалма жол менен коомчулук арасында чыңалууну жаратып атканы байкалып турат. Мындай саясат мамлекетибизди жакшылыкка алып барбайт.

Мектептеги реформасы “бөрк ал десе баш алганга” барабар болду. Кыргызстанда 2296 мектепте бир жарым миллионго жакын (1 407 347) окуучу окуйт, ал эми ата-энелердин саны 3 миллионго жакын. Мектепте беш жылдан ашык иштеген директорлордун баарын бир кылка алмаштыруу – негизинен билим берүү системасынын принциптерине такыр туура келбейт. Бул жөнөкөй арифметика: окуучуларга дагы жакшы окуганына “5”, начарына “2” деген баа коюлат. Муну министр мырза билбесе директорлор жакшы билет, сураса болмок. Көп мектептер окуу жылынын башында директорлору жок калды, милдетин аткаруучулар толук кандуу иштей албай, ата-энелерди кыйноого салууда. Директорлордун көпчүлүгү кайра ордуна келишти, конкурсту өткөрүүгө баягы эле өкмөттүн (элдин) акчасы сарпталды. “Ушул керек беле?” деген суроо туулат. Ал эми жөнөкөй эл президентибизге кайрылып жатып калышты, министр мырза четте, тийешеси жок адамдай “эмне кылып алышат эле?” деп карап туруп берди. Мектептеги реформаны пилоттук формада бир облуста же шаарда жасап көрүп, андан соң туура жана кемчилик жактарын эске алып, Кыргызстандын башка аймактарына жайылтканда, мугалимдер арасында мындай чыңалуу болбойт эле.

Мектеп директорлорунун кызыкчылыгын коргоп чыккан Тимур Иманкуловду “Эмгек сиңирген юрист” наамын берип оозун жабышты.

Жогорку окуу жайлары боюнча ректорлорду дайындоо мыйзамы күчүнө кирери менен “чү” дегенде эле улуттук университетке президенттин указы менен өзүнүн илимий жетекчисин ректорлукка койдуруп алды. Министр Бейшеналиев бул жерде да эч кандай тийешеси жоктой көмүскөдө калгысы келди, бирок эл билет. Негизинен Канат Садыковдой билим тармагына эмгеги сиңген илимпоз кызматкерлерибиз эсептелүү, мындай кызматкерлер элдин байлыгы катары сакталышы керек. К.Сыдыковдун баскан жолуна министр мырза менен агайы Төлөбек Абдрахмановду кошсо да жетпейт.

Кызыгы, Бишкектеги белгилүү жогорку окуу жайлардын ректорлугунда биздин нарындык туугандардын турганы коомчулукта өзгөчө суроо жаратат. Булар: Кыргыз улуттук агрардык университети, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз улуттук консерваториясы, Президенттин алдындагы башкаруу академиясы, Бишкек мамлекеттик университети (мурдагы Бишкек гуманитардык университети), буга Кыргыз улуттук университети кошулду. Министрликке жакында илим бөлүмүнүн башчысы кызматына Эл аралык Ала-Тоо университетинен (Германияда чогуу бир бөлмөдө жашаган коллега-досу, нарындык, “гүленчи”) Жакшылыков Жылдызбекти алып келди. Бул регионалдык маселе боюнча суроо туудурат.

Акыркы таңгалдырган жаңылык: 8-сентябрда Ош технологиялык университетине (ОшТУ) ректорлукка өткөргөн конкурсу 20 мүнөттүк шоу болду. Жалпысынан 17 талапкер катышты, арасында эки илимдин доктору, бирөө Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен (КМТУ), экинчиси Кыргыз-Өзбек университетинен (КӨУ), министрдин мурдагы орун басары, Баткен мамлекеттик университетинин мурдагы ректору, Ош мамлекеттик университетинен (ОшМУ) жана көпчүлүгү Ош технологиялык университетинен. “Манастан Чубак кем бекен?” дегендей, министрдин орун басары Расул Авазбеков конкурстук комиссиянын төрагасы болуп, өзүнүн мурдагы коллегасын, министр мырзанын “кошелёгу” ОшМУнун ректору К.Кожобеков аркылуу батасын алып, билим тармагында аты угулбаган ошол эле К.Кожобековдун досу Ж.Турсунбаевди өткөрдү. Салыштырсак, “Ж.Турсунбаев илимдин кандидаты, илимдин докторлору, министрдин орун басары, ректор болуп иштеген кызматкерлерден күчтүү” деп ким кепилдик бере алат? Эл арасында бул иш да чоң резонанс жаратты.

9-сентябрь күнү ОшТУга Алмазбек Бейшеналиев барганда, буга чейин ызы-чуу болуп атышканда кабар алып койбогон коллектив ордунан козголуп да коюшкан жок. Коллективге Ж.Турсунбаевди тааныштырып, тандоодо ОшМУнун ректорунун сунушун эске алганын чоң залда өзү айтты. Коллектив болсо тажрыйбасы көп адамды күткөнүн айтып тим болушту.

Министрликтин ичиндеги кадр саясаты башкармалыктарды бөлүм кылып, бөлүм башчысына өз кишилерин алып келүү менен коштолууда. Булар: Жакшылыков Жылдызбек Эл аралык Ала-Тоо университетинен – илим бөлүмүнүн башчысы, Найманбаев Азамат – жогорку кесиптик бөлүмүнүн башчысы, Касиев Мунарбек жана Бегалиева Аида. Баардыгы бир күн дагы министрликте иштеген эмес, 3 күндөн 5 күнгө чейин жардамчы болуп келип, буйрук менен дайындалгандар.

Министрликтин ичиндеги жыйналыштар президент менен абдан жакын экенин билдирген сөздөр менен коштолгондуктан, кызматкерлер баш көтөрүп сүйлөөдөн коркуп иштеп жаткан учуру.

“Илимий ачылыштарды англис тилинен орус тилине которгончо 4-5 жыл өтөт. Ошондуктан окутканды англисчеге өткөрүшүбүз керек” деп 9-сентябрда ОшТУда айткан сөзүн дайыма кайталайт. 15-сентябрдан 28-сентябрга чейин Алмазбек Бейшеналиев АКШга барат (“гүленчи”), убак-убагы менен жолугушууга барып турат.

Министрликтин аппараттык отурумунда “сасыган орустардын саясатынан кутулушубуз керек. Американы колдойлу” деп айтканы ырасталып, талданабы? Жыйналыштарда Американы ачык эле жактап, Россияны жамандаганычы? Мамлекеттик кызматкердин мындай саясат жүргүзгөнгө акысы жок. Антип айтууга ким уруксат берди? Өкмөт мүчөсү сүйлөп аткан соң, эл “өкмөт башчынын саясаты ушундай экен” деп түшүнөт да.

«Азия Ньюс» гезити