Жаштар самбо боюнча күч сынашты

Жаштар самбо боюнча күч сынашты

01-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Жаштар арасында самбо боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу ИИМдин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматта, 2022-жылдын 26-27-февралында «Динамо» коомдук бирикмесинин спорт комплексинде «Динамо» КФСКнын 95 жылдыгына арналган «Гармония» орус маданий борборунун байгелери үчүн жаштар арасында Самбо боюнча чемпионат болуп өттү. Мелдешке республиканын ар кайсы аймактарынан жүзгө жакын спортчу
катышып, 35 килограммдан 78 килограммга чейинки 11 салмак бирдиктерине күч сынашты. Алар Бишкек, Кара-Балта, Каракол шаарларынын спорт коомдорунун өкүлдөрү жана спорттун бул түрү боюнча секциялары бар өлкөнүн башка аймактарынын спортчулары катышкан. Мелдештин ачылышында «Динамо» коомунун төрагасынын
биринчи орун басары, милициянын отставкадагы полковниги Төрөкул
Мадалиев, катышуучуларга бул мелдеш чоң спорттун жолунда тепкич болуп, салардын турмушунда Мекенин даңазалап жаркын жеңиштерге жетишине тилектештигин билдирди. Ошондой эле мелдештин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, Россия менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы достукту чыңдоо боюнча алардын асыл иштеринде ийгиликтерди каалады. Эки күн бою эң жеңил салмак бирдиктеринен баштап, олуттуу 78 килограммга
чейинки жаш самбисттердин күрөшү болду. Балбандар күрөштө машыктыруучулар менен биргелешип иштеп чыккан ыкмалардын түрүн колдонушту. Беттештин жүрүшүндө машыктыруучулардын буйруктары жана кеңештери угулду, алар өз милдеттерин ынтызарлык менен аткарып, аларга жардам берүүгө аракет кылышты.
Мунун баары спорттун бул түрүн айырмалап турган өзгөчө атаандаштык атмосферасын түздү. Эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыгында өз салмак бирдиги боюнча биринчи орундарды: Нурел Исаев, Нурсултан Талантбеков, Байел Исаев, Байбол Абдыманапов, Байел Жумалиев, Саид Болотбеков, Ильяс Абжалиев, Бекболсун Бактыбеков, Эрбол Авалбеков, Сахиб Умурзаков жана Хантемир
Жаныкуловдор багындырууга жетишти. Алардын бардыгы жана башка жеңүүчүлөр турнирдин уюштуруучулары тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар, ошондой эле баалуу белектер
менен сыйланышты. Кошумчалай кетсек, спортчулар «Жеңишке болгон эрки үчүн» жана «Мыкты техника үчүн» деген эки номинация боюнча сыйланышты.