Жаш балдардын киндигин төрөлгөндө дароо кескен туурабы?

Жаш балдардын киндигин төрөлгөндө дароо кескен туурабы?

27-жалган куран, 2019-ж // //

Жашоодогоу эң керемет окуялардын бири-бул баланын төрөлүүсү болуп саналат. Мында абдан маани бере турган нерсе катары-бул ымыркайдын ден соолугу. Ымыркай төрөлгөндөн кийин анын киндигин бир аз убакыттан соң кесүү, пайдалуу экендигин билет белеңиз?
Бул боюнча доктур Кудрет Экенекли жооп берди: Адистин айтымында бала төрөлгөндө жок дегенде 30 секунддан кийин анын киндиги кесилгени туура деп жооп берди. Тагыраак айтканда, ымыркай төрөлгөндөн кийин отуз секунддан беш мүнөткө чейин кескен туура болот. Себеби, дал ушул убакытта кесилгенде киндиктеги кандын бардыгы балага тарайт.
-Киндиктин убактысынан кеч кесилүүсү кандын көлөмүн жана гемоглабинди көтөрүүгө түрткү болот. Айрыкча, темирдин жетишсиздиги кан аздуулукту пайда кылат.
-Киндикти убактысынан отуз секунд эрте кесүү, анын кайсы бир органына залалы тийип калуусу мүмкүн.
-Убактысынан эрте төрөлгөн балдарда, жүрөк карынчасында кандын пайда болуусун пайда кылат.
Негизинен бир баланын жарык дүйнөгө келүүсү, ага бериле турган эң сонун белек-бул киндик каны болуп саналат.
БУЛАК:zaman.kg